Салык кызматы ишкерлерге 32 миң ККМди акысыз тарата баштады. Алуу шарты

Sputnik
БИШКЕК, 30-май. — Sputnik. Салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз бере баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 миң ККМди берүү этабы менен жүргүзүлөт.
1 / 3

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз бере баштады

2 / 3

Маалыматка ылайык, 32 миң ККМди берүү этабы менен жүргүзүлөт

3 / 3

ККМ алуу үчүн ишкер аймактык салык органына арыз бериши керектиги белгиленди

"Ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ККМ акысыз берилүүдө", — деп жазылат маалыматта.
ККМ алуу үчүн ишкер аймактык салык органына арыз бериши керектиги белгиленди.
Радио
1-июлдан тарта патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат