Жумушчу жетишпей жатат. Садыр Жапаров иш издеп жүргөндөргө кайрылды

Президент өлкөдө жумушчулар жок тигүү цехтеринин, курулуш компанияларынын иши токтоп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу жумуш издегендерге кайрылуу жасады.
Ал белгилегендей, өлкөдө жумушчу күчү жетишпей, тигүү цехтеринин, курулуш компанияларынын иши токтоодо.
"Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде-ким жумуш таппай жүргөн болсо Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акынын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)", — деп жазылган кайрылууда.
Өлкө башчы иш боюнча суроолорго министрликтин тийиштүү адистери жооп берерин белгилеген. Ошондой эле иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин 1899 кыска номери аркылуу маалымат алууга болору кошумчаланган.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 13%га кыскарды