Мэрия Бишкекте 151,8 млн. сомго эки көпүрө курууну пландоодо

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тендер жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Мэрия Бишкекте 151,8 миллион сомго эки көпүрө курууну пландап жатканын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көпүрө салууга мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тендер жарыялаган.
Биринчиси — шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналына Шүкүров көчөсү менен Медеровго чыккан көпүрө. Ага 23 миллион 164 миң каралган. Ишти 30-ноябрга чейин бүтүрүү керектиги белгилүү болду.
Экинчиси — Жибек Жолу проспекти менен Аламүдүн суусу аркылуу өтчү көпүрө. Ага 128 миллион 687 миң сом мерчемделип, ишти жылдын соңуна чейин тапшыруу керектиги айтылды.
Ал эми документтерди 11-июнга чейин тапшыруу зарыл.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме