Бишкекте кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча иш-чара өттү. Видео

27-майда Бишкекте кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) жумалыгы башталды. Анын алкагында аталган топтун 40-пленардык жыйыны 30-31-майда өтүүдө.
Sputnik
Анда мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы улуттук системаларды өркүндөтүү боюнча бир катар маанилүү маселелер талкууланды. ЕАТ төрагасы, Россиянын Федералдык каржылык мониторинг кызматынын директору Юрий Чиханчин иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты.
"Былтыр декабрда ЕАТнын 2024-2028-жылдарга стратегиясы жана ага Россиянын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары бекитилген. Бишкектеги пленум аларды ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды аныктоонун башталышы болуп саналат", — деди төрага.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук система эл аралык талаптарга жооп берерин белгиледи.
"Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын атынан Кыргызстан мындан ары эч кандай түзүмдөргө биздин өлкөнү кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн пайдаланууга жол бербейт деп ишендиргим келет", — деди ал.
Ошондой эле жакынкы үч жылда ФАТФтин (ФАТФ – акчаны адалдоого каршы каржылык чараларды көргөн иш топ) системасында финансылык ачыктыктын эң жогорку деңгээлине жетишүү пландалууда.
"Бул убакытты талап кылат, учурдан пайдаланып, мен урматтуу өнөктөштөрдү жана эксперттерди алдыдагы ишибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө чакырам", — деп кошумчалады Жапаров.
Белгилей кетсек, 29-майда пленардык жумалыктын алкагында ЕАТга мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форуму өттү. Анда Кыргызстанга ФАТФтин жаңы баа берүүсүнөн өтүүгө жардам берилери айтылды.
Тема боюнча:
Жаңы технологиялар менен жасалган кылмыштар күчөп жатканы айтылды