Кылмыштуу кирешени адалдоого каршы күрөшүү боюнча Бишкектеги жыйындын мааниси

Бүгүн Бишкекте кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жыйыны өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) Бишкекте өтүп жаткан 40-пленардык жыйынында бир катар маанилүү маселелер талкууланат. Бул тууралуу ЕАТнын төрагасы, Россиянын Федералдык каржылык мониторинг кызматынын директору Юрий Чиханчин жыйында билдирди.
"Өткөн жылдын декабрь айында 2024-2028-жылдарга карата ЕАТ стратегиясы жана Россиянын андагы төрагалыгынын артыкчылыктары бекитилген. Бишкек шаарында өтүп жаткан пленум аларды ишке ашырууда практикалык кадамдарды аныктоонун башталышы болуп саналат", — деди Чиханчин.
Анын айтымында, негизги максат – эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте ФАТФтин талаптарынын негизинде мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы улуттук системаларды өркүндөтүү.
Эмнелерди талкуулоо пландалууда:
өз ара баалоонун ЕАТ процедуралары, алардын ырааттуулугу жана прогресстин мониторинги. Бул документтерди бекитүү өлкөлөр аралык практикалык кызматташууну баштоого мүмкүнчүлүк берет;
улуттук делегациялардагы эксперттерди окутуунун графиги, быйылкы иш-чаралар, анын ичинде ФАТФтин жаңы стандарттары боюнча тренингдер жана семинарлар өтөт.
Чиханчиндин айтымында, аймактагы террористтик топтордун заманбап төлөм инструменттерин кантип колдонушары тууралуу маалыматтык бюллетендерди иштеп чыгуу боюнча долбоорду кароо зарыл. Бул нерсе террористтик уюмдардын ишинин өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүнүүгө шарт түзүп, өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.
Ал белгилегендей, парламентарийлердин кечээки форуму мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуда жөнгө салуучу ыкмалардын маанилүү экенин өлкөлөр жакшы түшүнүп турганын көрсөттү.
"Жапаров мырза (Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – ред.) айткандай, Кыргызстан чындап эле бардык эл аралык стандарттарга жооп берүү максатын көздөп жатканын ырастап кетмекчимин", — деди ЕАТнын төрагасы.
Акылбек Жапаров: бийлик өлкөнү акча адалдоо үчүн пайдаланууга жол бербейт