Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт

Газ менен камсыздоо системасына кайра кошулуу үчүн абонент бир катар чараларды көрүшү керек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Бишкек газ", "Чүй газ", "Ош газ" жана "Жалал-Абад газ" кызматтары эки же андан көп айга төлөм карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт.
Газ менен камсыздоо системасына кайра кошулуу үчүн абонент төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:
карызды толугу менен төлөө. Муну каалаган жол менен, анын ичинде MEGAPAY, O!Money, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жасоого болот;
карызды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө жана кошулуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мекемелерге арыз жазууга;
калкты тейлөө кеңселеринен газды кошуу акысын төлөө.
"Карызы барлар бардык шарттарды аткаргандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жаратылыш газы берилет", — деди компания.
Айдын биринчи күнүнө карата карыздын/баланстын суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот:
жардам кызматы 4444 (уюлдук телефондон чалуулар акысыз);
www.gazprom.kg сайты.
Эксперт Борбор Азияга ташылган россиялык газдын көлөмү көбөйөрүн божомолдоду