Бир адамдын өмүрүнө забын болуп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Башкармалык жол кырсыгы, эреже бузуу фактыларына күбө болгондордон 102 же 0777 102-102 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бир адамдын өмүрүнө забын болуп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя 29-майда саат 21:50лөрдө Бишкек — Кордай унаа жолунун 9-чакырымында болгон.
Белгисиз унаа түндүктөн түштүккө карай бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө кишини сүзүп, из жашырып кеткен. Жол кырсыгынан 50 жаштагы жаран көз жумган.
Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Lexus RX300 үлгүсүндөгү автоунаанын 30 жаштагы М.Ш.Э аттуу айдоочусу кармалып, Аламүдүн РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Башкармалык жол кырсыгы, эреже бузуу фактыларына күбө болгондордон 102 же 0777 102-102 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.
Аксыда унаалар кагышып, төрт киши мертинди