"Бишкек суу канал" конуштардын тургундарына сууга эсептегич коюуну эскертти

Суу эсептегич орноткон үй ээлери бакчасын саат 00:00дөн 05:00гө чейин сугара алат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Бишкек суу канал" муниципалдык ишканасы шаардыктарга ичүүчү таза суу менен үйдүн алдындагы бакчаларды сугарууга, килем, унаа жууганга жана жерге чачканга тыюу салынганын эскертти.
Бирок суу эсептегич орнотулган үй ээлери саат 00:00дөн 05:00гө чейин сууну колдонсо болот.
"Жайында шаар четиндеги конуштарда суу негизинен бакчаны сугаруу, бассейнди толтуруу деген себептер менен беш эсе көп колдонулат. Мындан улам суунун таңсыктыгы жаралат. Көйгөй жер үйдө жашаган тургундардын суу эсептегич орнотпой, сууну сарамжалсыз колдонгонунан улам өрчүп жатат. Учурда жер тамда жашагандардын 2,6 пайызы гана суу эсептегич орноткон", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкек суу канал" ишканасы конуштарда жашаган бишкектиктерге кайрылып, суу эсептегичти орнотууну өтүнөт. Эрежеге баш ийбеген жарандарга текшерүү учурунда айып пул салынарын эскертти.
Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бериле баштайт