Бишкек шаардык соту Тимур Файзиевди үй камагына чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Маалыматка караганда, тергөө абагынан бошотуу өтүнүчү менен тергөөчүлөр кайрылган. Бишкектин Октябрь райондук соту Файзиевди бир күн мурун түрмөдөн чыгарган. Анын бөгөт чарасы "4-июнга чейин үй камагына алуу" деп өзгөртүлдү.
Файзиев былтыр 9-октябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси боюнча айып тагылган. 2021-жылдын май айында Аскердик прокуратура Файзиевге дагы бир иш боюнча издөө салган. Анда ал Бишкектен жер тилкелерин алуудагы коррупцияга, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга шериктеш болгон деп айыпталган. Ишкерди камакка алуу боюнча бөгөт чарасы сыртынан тандалып, бирок анын кайда экени белгисиз болгон. Кийин Файзиевдин иши УКМКга өткөрүп берилген.
Адахан Мадумаров түндө абактан бошотулду