Россия демилгени колго алууда. Жакынкы Чыгышта азайган АКШнын таасири

Меркуристин пикиринде, араб мамлекеттери Жакынкы Чыгыш боюнча маанилүү чечимдерди АКШ эмес, эми башкалар кабыл алышы керек деген жыйынтыкка келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бахрейн падышасынын Москвага болгон сапары жана Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык конференциясын өткөрүүдө Россиядан колдоо сурап кайрылуусу аймакта АКШнын таасирин азайткан масштабдуу өзгөрүүлөрдөн кабар берет. Бул туурасында британиялык эксперт Александр Меркурис интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.
"АКШ Жакынкы Чыгышта тынчтык конференциянын өтүшүн каалабайт. Алар араб-израиль маселесинде дипломатияны монополия кылып алышты. Бирок Бахрейнде пландалган тынчтык конференция АКШнын монополиясын бузуп, аларды аталган тармакта экинчи планга жылдырат", — деп белгилеген аналитик.
Меркуристин пикиринде, араб мамлекеттери "АКШ палестин-израилдик кризисинде эч нерсе кыла алган жок, Жакынкы Чыгыш боюнча маанилүү чечимдерди эми башкалар кабыл алышы керек" деген жыйынтыкка келишти.
Бахрейндин төрагалыгы менен өткөн Араб мамлекеттер лигасынын XXXIII саммитинде кандуу кармашты токтотуп, Палестина мамлекетин түзүү маселесин талкуулоо үчүн тынчтык конференциясын өткөрүү идеясы колдоого алынган.
Бахрейндин падышасы өткөн жумада сегиз жылдан бери биринчи ирет Россияга расмий сапар менен келген. Ал Москвада РФ президенти Владимир Путин менен бир топ маселелерди — эки тараптуу алака-катыштан тарта (Бахрейн Араб мамлекеттеринин лигасына төрагалык кылгандыктан) аймактык көйгөйлөргө чейин талкуулаган.
Падыша араб мамлекеттери регионалдык көйгөйлөрдү Москва "адилеттүү чечкендиктен" анын ролун жогору баалай турганын белгилеген.
АКШ Израиль эл аралык милдеттенмелерди бузганын моюндады