Билим берүү министрлиги 1-июнда өтө турган балдарга арналган салтанатка чакырат

Иш-чаранын программасында балдар үчүн 50дөн ашык мастер-класс жана оюндар камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган салтанаттуу иш-чараларга чакырат.
Мекеме билдиргендей, аталган күнү өтө турган программалар "Улуттун жаркын келечеги" деп аталат. Иш-чаранын программасында балдар үчүн 50дөн ашык мастер-класстар жана оюндар камтылган.

"Иш-чара Балдардын укугу жөнүндөгү конвенцияны аткаруу, Кыргызстандын президентинин "Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын жана концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Убактысы: 2024-жылдын 1-июну саат 9:30дан 13:00гө чейин.
Салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жай: "Сейтек" улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борбору, Эмен паркы.
Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева.
Телефон номери: +996 554 445 566.
Радио
Эс алуу лагерлеринде оор турмуштук абалдагы балдар үчүн орундар көбөйтүлөт