Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү бириктире турган жол курууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Казакстандын финансы министри Мади Такиев алар Алматы облусун Ысык-Көл облусу менен байланыштырган жол курууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.
1 / 2

Казакстандын финансы министри Мади Такиев алар Алматы облусун Ысык-Көл облусу менен байланыштырган жол курууга даяр экенин билдирди

2 / 2

Бүгүн Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиевдин жолугушуусу болду

Бүгүн Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиевдин жолугушуусу болду. Тараптар Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан Казакстандын курорттук жана эс алуу жайларынын иши менен реконструкциясына өзгөчө көңүл бурушту.
"Такиев ошондой эле казак тарап Алматы облусун Ысык-Көл облусу менен байланыштырган автожолду курууга даярдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме