А. Жапаров Барак эксклавынан көчкөн жарандар үчүн салынып жаткан айылга барды

Акылбек Жапаров Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп келгендерге тезирээк жашоо шарттарын түзүп, курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошко жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылына барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров Жаңы-Барак айылындагы курулуштар менен таанышкан. Учурда 101 турак жайдын 98инин пайдубалы куюлуп бүттү. 18 үйдүн дубалы жеңил конструкция менен курулуп, калганын 16-июнга чейин тургузуу пландалууда.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошко жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылына барды

2 / 3

Маалыматка ылайык, Жапаров Жаңы-Барак айылындагы курулуштар менен таанышкан

3 / 3

Учурда 101 турак жайдын 98инин пайдубалы куюлуп бүттү. 18 үйдүн дубалы жеңил конструкция менен курулуп, калганын 16-июнга чейин тургузуу пландалууда.

"Беш кабаттуу көп батирлүү Ынтымак-Достук үйүнүн уруксат кагаздары жана долбоордук документтери даярдалган. Ага ылайык, көп батирлүү беш кабаттуу үй төрт блоктон турат. Ар бир блокто 40 даана батир жайгашып, жалпысынан 160 батир каралган. Мындан тышкары, кичи футбол аянтчасы жана эки кабаттуу 140 орундуу бала бакчасын долбоорлоого тиешелүү иш кагаздары даярдалган", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп келгендерге тезирээк жашоо шарттарын түзүп, курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды