Акылбек Жапаров Кыргызстанда орус тилин колдоо зарылдыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Орус тилин колдоо жана мектептерде окутуу зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы орус тили Кыргызстандын Конституциясына ылайык улуттар аралык баарлашуунун тили экенин эске салды.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2500дөн ашык мектеп орус тили мугалимине муктаж. Бул жагдайда ал Россия менен Кыргызстанда тогуз мектеп куруу боюнча түзүлгөн келишимди эске салды.
"450 миллион доллар инвестиция тартылат. Буюрса 5-6 жылда бул мектептер ачылат деп үмүттөнөм", — деди Жапаров.
Акылбек Жапаров Кыргызстан качан ортодон жогору киреше көргөн өлкө болорун айтты