Акылбек Жапаров: Кыргызстан үмүт жанган жаңы доорго бет алды

Акыркы жылдары Кыргызстанда салыктар жана бажы алымдары көбүрөөк түшө баштаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жыйынында сүйлөгөн Акылбек Жапаров Кыргызстан ушу тапта ишеним менен жаркын үмүт пайда болгон жаңы доорго бет алганын айтты.
Министрлер кабинетигин төрагасы Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан тарта Кыргызстан адилеттүү башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерин бекем карманарын көрсөтүп келе жатканын белгилеген. Анын айтымында, салыктан түшкөн каражат үч эсе, бажы алымдары төрт эсеге көбөйүп, ИДП кыйла жогорулаган.
"Бүгүн өлкө үмүт жанган, ишеним пайда болгон жаңы доорго бет алды. Эл аралык өнөктөштөрүбүздүн баары Кыргызстан жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулук жана тамырлашкан коррупциялык структуралар менен күрөшүү багытындагы саясий курсуна баа берип жатышат. Бүгүнкү күндө биз бизнесибизди эл аралык кылмыштуу структуралардын таасиринен "тазалап" жатабыз", — деди Жапаров.
Акылбек Жапаров Кыргызстанда орус тилин колдоо зарылдыгын айтты