Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украина армиясынын РФтин түпкү аймактарына жасачу чабуулун талкуулоодо

Басылмалар жүрүп жаткан талкуулар Байден жана анын командасын "Россия койгон чабуулдарга Киевдин жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк тынчсызданып жатканын" көрсөттү деп белгилешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы Украинага Россиянын түпкү аймактарына америкалык куралдар менен чабуул жасоого уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул туурасына РИА Новости Politico басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Маселе каралып, талкууланган стадияда турат", — деп айтып берген басылмага иштин жүрүшү менен кабардар болгон аткаминер.
Гезиттин маалыматына таянсак, бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.
Басылмалар Байден жана анын командасын "Россия койгон чабуулдарга Киевдин жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк тынчсызданып жатканын" көрсөттү деп белгилешүүдө. Өзгөчө Харьков багыты аларды түйшөлдүрүүдө. Ошол эле учурда басылманын колуна түшүп калган украин өкмөтүнүн ички документинен көрүнүп тургандай, АКШ тарабынан киргизилген чектөөлөр "өнөктөштөрдү колдоонун майнаптуулугун олуттуу төмөндөтөрү" айтылган.
New York Times маалымат булактарына таянып, Байдендин Киевге Россиянын аймактарына америкалык курал менен аткылоого уруксат берүүгө ыктап турганын кабарлаган. Басылма Байдендин кеңешчилери чатактын "өзөктүк курал боюнча касташкан тарап менен түздөн-түз тирешүүсүнө" жетип кетиши боюнча түйшөлүүгө карабай "позицияны алмаштырууга боло турганына ишенип тургандыктарын" жазды. Материалда белгиленгендей, чабуулдар колдоого алынып кетсе Киев Вашингтон тарабынан "катуу чектөөлөргө" кабылат, алар америкалык куралдын кандай колдонулуп, кайсы бутага багытталарына чейин карайт.
Шаршемби күнү мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ Украинанын чегинен сырткаркы чабуулдарды колдобой турганын, бирок өзүн коргоо боюнча өз алдынча жасалган чечимдерге болгон укугун тааный турганын белгилеген.
Американын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби брифингде АКШ Владимир Зеленскийдин РФтин аймактарындагы буталарга Батыштын куралдарын колдонууга кызыкдар экендигин билерин айткан. Бирок мындай чабуулду колдобостугун кошумчалаган.
Washington Post мурдараак Байдендин администрациясы Россиянын Украинадагы атайын операциясындагы ийгиликтерине каршы эки чараны карап жаткандыгын айткан. Алар: курал-жаракты колдонууга салынган чектөөнү алып салуу жана Москвага технологияларды берип жатканы үчүн Кытайды жазалоо.
Шейшембиде ЕБдин дипломатия башчысы Жозеп Боррель Евробиримдиктин коргоо министрлери Киевдин Батыш берген куралдар менен россиялык аймактарга чабуул жасашына койгон чектөөсүн алып салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашарын айткан. Эске салсак, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг ушундай чакырык салган.
Politico шаршемби күнү маалымат булактарына таянып, Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевге уруксат берүүгө макул болгондор тарапта экенин жазды.

Россиянын позициясы

Москва Батыштын Россия аймактарына коюлуучу чабуулу боюнча айткандарын акылга сыйбаган сөз экенин, бул түздөн-түз РФ менен каршылашууга кептей турганын белгилеген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТОнун башкы катчысынын айткандарын чагым деп атады. Анын айтымында, өзүнүн аймактарына урулган соккуга Россиянын бериши мүмкүн болгон жообун — тиешелүү тараптардын контрчараларын президент да, аскерлер да билет.
Москва Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Столтенбергдин Россияга сокку уруу боюнча айтканына комментарий берди