Кардар жок. "Аккула" ат майданы экинчи ирет аукционго коюлду

Буга чейин 16-майда өтө турган аукцион арыздын жоктугуна байланыштуу өтпөй калган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Аккула" ипподрому кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.
"Муниципалитеттин алдында ат майдандын аймагында мектеп, бала бакча, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 16-майда өтө турган аукцион арыздын жоктугуна байланыштуу болбой калган.
Белгилей кетсек, ат майдандын аянты 45,73 гектар. Объектинин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.
Мэрия Бишкекте 151,8 млн. сомго эки көпүрө курууну пландоодо