Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлеринин көңүлүн калтырган Abrams. Салыштырма инфографика

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери M1A1SA Abrams танкаларын бута катары көрүшөт. Бул туурасында америкалык танкалардын экипажынын мүчөлөрү CNN телеканалына айтып беришкенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Sputnik
Окурмандарга сунушталган инфографикада Т-90М "Прорыв", AbramsM1A1 жана M1A2 танкалары салыштырылган.
Ал эми Батыштан келген аскердик жардамга келсек, Украина армиясынын 47-бригадасынын танкачылары көңүлү калган бул техниканын кемчиликтерин санап беришкен. Баасы 10 миллион доллар турган M1A1SA Abrams танкаларын 500 долларлык дрондор талкалап коюп жатат. Анын сооту бул согушка жарабай турганы анык болуп калды. Электроникасында маселеси көп, конденсат жамгырда же туманда кыймылдаткычты "өрттөп салышы мүмкүн". Бул техника менен кошо жиберилген ок-дары Украинадагы кармашка жарабайт, алар танкалардын кармашуусуна пайдаланылбайт, артиллерияга колдонулат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Упырь" Калашников автоматынын пилотсуз учак түрүндөгү аналогу. Инфографика