31-майга карата аба ырайы

31-майда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан нөшөрлөп жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт