Балдарга жасалган зордук-зомбулуктар көбөйүүдө. Кантип токтотууга болот?

Sputnik
Акыркы учурда коомчулукта балдарга жасалган зордук-зомбулуктун өскөнү да байкалат. 2024-жылдын 4 айында балдар тарабынан жасалган кылмыш 15 пайызга өскөн. Жыл ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 11 783 учур катталса, анын 10 222сине убактылуу коргоо ордери берилди. Быйыл 11 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталса, анын 10 миңден ашыгына убактылуу коргоо ордери берилди. Бул ордер — юридикалык күчү бар документ. Ага ылайык, жабырлануучу менен зомбулук көрсөткөн адамдын ортосунда үч сутка аралыгында эч кандай байланыш болбошу керек. Үч күн бою милиция кызматкери барып же телефон чалып, кошуналарынан, жабырлануучудан сурап турат. Эгер зомбулук көрсөткөн киши бул талаптарды аткарбаса Укук бузуулар кодексинин алкагында жоопко тартылат.
Үй-бүлөлүк зомбулукта көбүнчө аялдар жана балдар жабыркайт.