Бишкекте КМШнын атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү — терроризм, экстремизмге каршы күрөш кандай жүрөт?

Sputnik
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отуруму өттү. Кыргызстандын борборуна жети өлкөнүн, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жана Антитеррордук борборунун өкүлдөрү келишти. Региондогу коопсуздукту сактоо, террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшүүнүн биргелешкен жолдору, киберкылмыштуулукту болтурбоонун жолдору, жыйындагы көтөрүлгөн маселелер тууралуу суроолорго Коомдук жана саясий ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков жооп берди.