1-июндан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилет. Чоо-жайы

Чектөө жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында киргизилип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 1-июндан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында киргизилүүдө.
"1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат", — деп жазылат маалыматта.
Анткен менен чектөөлөр айрым учурларга тиешелүү болбойт:
жүргүнчү ташыган;
гуманитардык жардам ташыган;
тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;
берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.
Киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турары кошумчаланды.
Жакынкы чет өлкөлөрдөгү жүк ташуу рыногу. Инфографика