Министр: өлкөдө урандын запасы жетиштүү деңгээлде эмес, аны казуу пайдасыз

Мелис Тургунбаев уранды иштетүүгө мораторий сейрек кездешүүчү элементтерди чалгындоого, казып алууга тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Уранды казуу пайдалуу эмес, анткени өлкөдө аталган элементтин запасы жетиштүү деңгээлде эмес. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев парламентте уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамды карап жатканда билдирди.
Талкуу учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков бул мыйзамды иштеп чыгуу максатына кызыкты. Ага жооп кылган Тургунбаев уранды иштетүүгө салынган мораторий сейрек кездешүүчү элементтерди чалгындоого, казып алууга тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.
"Уран пайдалуу болуш үчүн анын запасы 40-50 миң тонна болушу керек. Өлкөдө андай көлөм жок. Учурда уран жана торийди казуу максаты жок. Анткени кирешелүү эмес", — деди Тургунбаев.
Министрге сейрек кездешүүчү кендин арасынан уран дагы чыгып калган учурда эмне болот деген суроо узатылды.
"Кеп болуп жаткан 83 кенде уран бар. Бул табигый көрүнүш. Экологияга зыян келтирбеш үчүн ошол уранды казып алып, Кара-Балтада бөлүп алабыз. Торийди ошол жерде сактайбыз, ал эми уранды Кыргызстанда байыта турган техника, технология дагы жок. Аны чет өлкөлөрдөн суроо-талап болсо өлкөдөн чыгарып кетебиз", — деди Тургунбаев.
Ошондой эле министр торий элементи өлкөдө сакталып турарын кошумчалады.
Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз! Садыр Жапаров чет элдик блогерге жооп берди