Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Зеленскийге НАТОдон мүчөлүк боюнча талап кыла бербешин айтышты

Улуу Британия баштаган өлкөлөр аталган маселеде "өтө эле басым жасап" жиберишти деген тыянактан кийин саясаттын нугу башкачараак багытка өзгөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Владимир Зеленскийди Украинаны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча НАТОнун өлкөлөрүнө басым жасай бербестигин айтып суранышканын РИА Новости Telegraph басылмасына таянып жазды.
Аталган уюмдун жогорку кызматтагы аткаминерлери альянстын Литвада өткөн былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча саммитинде Зеленскийге кайрылышкан. Бул Украинанын НАТОго киришин колдой турган Улуу Британия баштаган өлкөлөр аталган маселеде "өтө эле басым жасап" жиберишти деген тыянактан кийин жасалган.
Гезиттин маалыматтарына караганда, иш-чарада альянс "Россия менен согушка аралашып кетүү ыктымалдыгы" жаралган кооптуулуктан улам Украинанын мындан ары НАТОго мүчөлүгү туурасында кеп уланбайт.
"Колдоо пакетинин азыр талкууланып жатышы мүчөлүккө (НАТОго – ред.) болгон жол кыскарып бара жаткандыгын, Украинанын өзүнүн келечегин тандоо жөндөмдүүлүгүн белгилеп жана көрсөтөт", — деп айтышкан кайдан экени так белгиленбеген эки дипломат.
Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина жакынкы 30 жылда НАТОго мүчө боло албайт деген оюн билдирген. Март айында НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр Украинанын альянска мүчө болуу маселеси чечилгенин, бирок "качан болот жана бул үчүн эмне керек" деген талкуулар уланып жатканын айткан.
АКШнын альянстагы өкүлү Жулианн Смит Украина маселеси курч тургандыктан апрелдин аягында Зеленский уюмдун июлда пландалган Вашингтондогу саммитине чакырылгандыгын билдирген. Бирок боло турган саммитте Киевдин НАТОго кириши күтүлбөстүгүн белгилеген. Бул туурасында Столтенберг да айткан.
2022-жылдын сентябрынын аягында Зеленский Украина НАТОго тездетилген негизде кирүү үчүн арыз берип жатканын жарыялаган. Ошол эле учурда альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу учурунда Украинанын альянска толук мүчө болушу мүмкүн эмес экенин билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мурдараак Кремлдин Зеленскийдин Украинанын НАТОго мүчөгө алынышын суранганы жана ага болгон ар кыл реакциялардан кабары бардыгын айткан.
Анын айтымында, Москва кырдаалга дыкаттык менен көз салып турат, Киевдин альянсты көздөй алган багыты Россиянын атайын операциясынын себептеринин бири болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина вице-премьери: АКШ менен Германия Киевдин НАТОго кошулуусуна каршы