Июнь айында өзбекстандык авиакомпания Ысык-Көлгө каттамдарын ачат

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу убактысы — эки саат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өзбекстандык авиакомпания 16-июндан тарта Ысык-Көлгө каттамдарды ачат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
ATR 72-600 учактары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жумасына үч ирет каттайт.
"Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу убактысы — эки саат. Каттамдар жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Пресс-борбор
Эксперт: азербайжандык туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар