Евразияда финансылык кылмыштарга каршы кандай иштер жүрүп жатканы айтылды

Шылуундар ар кайсы өлкөлөрдө иштеп, интернетке кирип жаткандыктан, мыкты тажрыйбаларды колдонуу жана мыйзамдарды синхрондоштуруу маанилүү экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Финансылык кылмыштар менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн мыйзамдарын синхрондоштуруу боюнча иштөө зарыл. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Николай Журавлев билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко (ЕАТ) мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунун алкагында журналисттер менен жолугушту.
Журавлевдун айтымында, форумдун форматы тынымсыз өнүгүп, делегациялардын курамы кеңейип, каржылык чалгындоо жана финансылык жөнгө салуучу органдардын жетекчилери катышууда. Бул акчаны адалдоого каршы күрөшүү үчүн абдан маанилүү.
"Жыл сайын жаңы чакырыктар пайда болуп, виртуалдык алдамчылык барган сайын кеңири жайылууда, алардын куралдары тынымсыз кеңейип жатат. Биздин финансылык чалгындоо органдарыбыз бул чакырыктарга даярданып, кылмыштарга каршы турушу үчүн жаңы механизмдерди ойлоп табуу керек. Парламентарий катары ролубуз маанилүү, финансылык чалгындоо органдары жана борбордук банктар каржы кылмыштары менен күрөшө алышы үчүн мыйзамдарды жазышыбыз керек", — деди Журавлев.
Ал ошондой эле шылуундар ар кайсы өлкөлөрдө иштеп, интернетке кирип жаткандыктан, мыкты тажрыйбаларды колдонуу жана мыйзамдарды синхрондоштуруу маанилүү экенин белгиледи.
"Биз жыл сайын мыйзамдарды синхрондоштуруп, Евразиялык топтогу кесиптештердин тажрыйбасын изилдейбиз. Форумубуз иштеп жаткан эки жылда мыйзамдар боюнча ийгиликтерге жетишкенибизди белгилегим келет", — деди ал.
Бишкекте евразиялык масштабдагы маанилүү иш-чара башталды