ЕАЭБге 10 жыл толду. Тарыхый келишимге кандайча кол коюлган

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө болгон ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге мындан 10 жыл мурда кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бүгүн ЕАЭБ түзүлгөнүнө туура 10 жыл болду.
2014-жылдын 29-майында Путин, Лукашенко жана Назарбаев Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге кол коюшкан.
ЕАЭБ 2000-жылы Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери түзгөн ЕврАзЭС уюмунан келип чыккан. Тагыраагы, дал ушул уюм акыры ЕАЭБге — чоң экономикалык интеграцияга ээ болгон уюмга айланган. Ал өсүү темпи боюнча Евробиримдиктен алдыга озуп баратат.
Россиянын премьер-министри Мишустин 2023-жылы Евробиримдиктин ИДПсы 0,5 пайызга өссө, ЕАЭБде 3,8 пайызга көбөйгөнүн белгилеген.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта кандай натыйжага жетишкени айтылды