ЕАЭБдин түптөлүшүнүн 10 жылы сандар менен. Инфографика

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) түптөлүшүнө 10 жыл болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 2014-жылдын 29-майында ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге Казакстан, Беларусь жана Россия кол коюп, кийинчерээк Кыргызстан менен Армения кошулган.
10 жыл ичинде ички дүң продукциянын жыйымы 1,6 триллиондон 2,4 триллион долларга өскөн. Кыргызстанда 109 пайызга, Арменияда 128 пайызга, Беларуста 30 пайызга, Казакстанда 42 пайызга, Россияда 49 пайызга жогорулаган.
ЕАЭБ түптөлгөн мезгилден бери ага мүчө өлкөлөрдүн соодасы дээрлик эки эсе көбөйгөн. Сандар менен алсак, 2023-жылы 87,5 миллиард долларга жеткен. Үчүнчү өлкөлөр менен 60 пайызга арбып, көрсөткүч 923 долларды чапчыды.
ЕАЭБ курамындагы Кыргызстан 10 жылда кандай ийгиликке жетишти. Видео