ЕАЭБдин үч өлкөсү саламаттык сактоо тармагында биргелешкен платформа түзүүдө

Эл аралык реабилитациялык Attilan платформасын эки жылдын ичинде ишке берүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россия, Кыргызстан жана Казакстан саламаттык сактоо тармагында долбоор иштеп чыгууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санарип долбоорлору" аттуу видеокөпүрөдө Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер дирекциясынын директору Александр Петров билдирди.
Анын айтымында, Attilan эл аралык реабилитациялык платформасын эки жылдын ичинде ишке берүү пландалууда.
"Долбоор жөнөкөй эмес. Ал бейтаптарга, анын ичинде майыптыгы барларга да экосистема түзүүгө багытталган. Демилгени Россия, Кыргызстан, Казакстан биргелешип ишке ашырат. Долбоорго кайрымдуулук фонддору, дарыгерлер, реабилитациялык борборлор катышып, ал аркылуу бейтаптар татаал протездерди же коляскаларды таба алышат. Платформаны эки жылдын ичинде ишке киргизүү пландалууда. Долбоор ЕАЭБден тыш да жайылат деп ишенебиз", — деди Петров.
Пресс-борбор
Евразия өнүктүрүү банкы "Работа без границ" тиркемесинин пайдасы тууралуу