УКМК: Бишкекте 1 млрд. сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ээси жер тилкени мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте бир миллиард сомго бааланган 2,5 гектарлык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүлүп жер 2011-жылы аукцион аркылуу жеке менчикке өткөн. Ошол кезде эки миллион доллар турган участок 340 миң долларга берилип кеткен.
"Алар жердин баштапкы максатын да өзгөртүп салышкан. Тагыраагы, мектеп түшө турган жерге соода борбору бар көп кабаттуу комплекс курушкан", — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ээси жер тилкени мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Учурда ушул сыяктуу фактыларды, тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК Алайда менчикке өткөн 65,4 млн. сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды