Кол салгандарды жок кылууга даяр! Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин куттуктады

Өлкө башчы Мекенди коргоо чыныгы жигиттин сыймыгы жана милдети экенин айтып, жалпы аскер кызматкерлерине талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Аскерлер мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 29-май — Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктоосунда жазылган.
Мамлекет башчы аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди майрамы менен куттуктап, бул күндүн мааниси тууралуу сөз кылган. Анын айтымында, 1992-жылы улуттук армияны түзүү чечимин кабыл алуу менен эгемен Кыргызстанды коргоо боюнча жаңы институт пайда болуп, ага республиканын аскердик коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн.

"Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн күжүрмөн жетишкендигинин олуттуу сыноосу 1999-2000-жылдардагы эл аралык террорчулардын согушкерлери Мекенибизге бастырып кирген Баткен окуясы болду. Ошол жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү каршы күрөшүп жаткан эл аралык терроризмге биринчилерден болуп биздин өлкө дуушар болгон. Баткен окуясындагы терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды. Өлкөбүздө болгон окуяларда Кыргызстандын аскер кызматчылары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү", — деген мамлекет башчы.

Ошондой эле ал учурда армияны заманбап курал-жарак менен камсыздоого, жоокерлерди социалдык колдоого жана жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун, коомдун ичиндеги кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгы белгиленди.
"Албетте, мунун баары бюджеттик каржынын өсүшүнө алып келет. Бирок биз өлкөбүздүн аскердик коопсуздугун камсыздоо маселесинде үнөмдөө болбой турганын жакшы түшүнөбүз", — деген мамлекет башчы.
Соңунда өлкө башчы Мекенди коргоо чыныгы жигиттин сыймыгы жана милдети экенин айтып, жалпы аскер кызматкерлерине талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.
Кыргызстанга жакында Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекс келет