РФ ТИМи: Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө кошкон салымын арттырат

Коргоо жана коопсуздук жаатындагы милдеттенмелерди аткаруу улантыла тургандыгы да айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россия Борбор Азияда экономикалык, маданий-гуманитардык, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого мындан ары да салымын кошо бермекчи. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылган.
Белгилей кетсек, ТИМ "Россиянын Борбор Азиядагы милдеттери жөнүндө" аттуу темада жыйын өткөргөн.
Жыйында Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мааниси зор экени белгиленген.

"Россия Борбор Азия мамлекеттеринин алар үчүн маанилүү болгон аймактык жана эл аралык деңгээлдеги маселелеринде "бешилтиктин" алкагы менен алака, мамилелерин жакындатууга умтулганын, каалоосун колдоого алат. Бул Россия—Борбор Азия диалогун илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Афганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен коргоо жана коопсуздук жаатындагы милдеттенмелерди аткаруу улантыла тургандыгы айтылган.
"АКШнын тандалма биоагенттерди иштеп чыгып жатканы ачыкка чыккан учурда медициналык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ", — деген ТИМ.
Коллегия практикалык иш-чаралардын тизмеси менен токтом кабыл алган.
Путин: Борбор Азия өлкөлөрү кысымга алынган, бирок алар чөгөлөгөн жок