Вице-спикер электрондук коммерциянын өнүгүшүнүн терс жагы да бар экенин айтты

Вице-спикер бул тобокелдиктерди мыйзамдык жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Электрондук коммерциянын өнүгүшү бизнес үчүн жакшы, бирок шылуундукка дагы жол ачууда. Бул тууралуу вице-спикер Нурланбек Азыгалиев Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунда билдирди.
"Бүгүнкү иш-чаранын форматы уникалдуу. Анткени ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүүдө улуттук системаны жакшыртуу үчүн парламентарийлерди, каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн бир аянтка чогултуп, талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүүдө", — деди Азыгалиев.
Вице-спикер бул тобокелдиктерди мыйзамдык жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле электрондук коммерциянын көлөмү өсүп жатканы бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин, бирок криминалдык чөйрөлөргө жана шылуундарга жол ачкан терс жагы да бар экенин кошумчалады.
Кылмыштуу кирешени адалдоого шектелген фармкомпания аныкталды. Видео