РФ ТИМи Кыргызстанга көз карандысыз төлөм инфраструктурасын түзүүнү сунуштады

Россия ТИМинин өкүлү Москвада өткөн Кыргыз-Россия ишкерлик кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. РФ Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттеринин үчүнчү департаментинин директорунун орун басары Александр Мусиенко Кыргызстанга көз карандысыз төлөм инфраструктурасын түзүүнү сунуштап, аны бир банктын базасында ишке ашырууга мүмкүн экенин айтты.
Ал Москвада өткөн Кыргыз-Россия ишкерлик кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.
Мусиенко апрелден тарта Кыргызстанда "Мир" картасын тейлөө токтотулганын өкүнүү менен белгиледи. Анын айтымында, өлкөдөгү банктар Батыштын финансы уюмдарынын олуттуу кысымына дуушар болуп жатканын, кайрадан санкцияларга тушугуу кооптуулугунан чочулап жатканын билдиришкен.
"Россия менен Кыргызстандын соода байланышын толук кандуу камсыздоо үчүн көз карандысыз төлөм инфраструктурасы зарыл. Муну Кыргызстандагы банктардын биринин базасында ишке ашырууга болот", — деди РФ ТИМинин өкүлү.
ЕАЭБдин түптөлүшүнүн 10 жылы сандар менен. Инфографика