Радио

Сапаров: Кыргызстанда конок үй жана боз үй лагерлери жакшы өнүгүп жатат

Кыргызстандагы туристтик уюмдардын биримдигинин аткаруучу директору Нурбек Сапаров алыскы өлкөлөрдөн келгендерди тоолор жана көчмөн жашоо кызыктырарын айтты.
Sputnik
Кошуна мамлекеттен келген туристтер Ысык-Көлгө келишет, ал эми алыскы өлкөлөрдөн келгендер тоолорго басым жасашат. Бул тууралуу Нурбек Сапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алыстан келген туристтердин кызыгуусун мындан да арттырууга өлкөнүн толук мүмкүнчүлүгү бар.
"Алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин талаптары башкачараак, алар биздин тоолорго кызыгышат. Ал эми кошуна мамлекеттен келгендер Ысык-Көлдө эс алганды жактырышат. Экотуризм, треккинг, хайкинг, тоого чыгуу үчүнчү мамлекеттен келгендер үчүн кызыктуу. Ошондой эле мурунку көчмөн элдин жашоо-турмушун көрүп, ызы-чуудан алыс, нукура нерселер менен курчалган туристик пакеттер алыскы өлкөлөрдүн жарандарына жакшы сатылат. Соң-Көлгө көп барышат, Тянь-Шань тоо кыркаларына чыгышат. Буга байланыштуу бизде конок үй жана боз үй лагерлери өнүгүп жатат. Алыскы өлкөнүн туристтерин татыктуу кабыл алганга азыр мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалга, ошол эле даараткана маселеси чечилген. Деңиз деңгээлинен 3000 метрден бийик жайгашкан Соң-Көлдөгү лагерлерде кадимки батирдегидей эле унитаздар турат. Боз үй болсо дагы жылуу, жатканга мүмкүнчүлүк бар", — деди Сапаров.
Ал аталган жайлардын шарттары күндөн-күнгө жакшырып жатканын кошумчалады.