Пресс-борбор

Кыргызстан ЕАЭБде жеңил өнөр жай ишканаларынын киши башына саны боюнча алдыда

Кыргызстанда миңдеген ишканалар көмүскө иштейт. ЕАӨБ аларга мыйзамдуу иштөөгө эмне жардам берерин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан жеңил жана текстиль өнөр жай ишканаларынын киши башына эсептелген саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алда канча алдыда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференцияга катышты. Учурда BEE-online.ru платформасында 300дөн ашык кыргызстандык ишкана катталган (текстиль тармагында кызмат көрсөтөт). Бул кызмат аларга ишенимдүү келишимдерди түзүүгө, буйрутмаларды алууга жана өнөктөштөрдү табууга жардам берет. Саркисяндын айтымында, республикада мындай ишканалар миңдеп саналат, бирок алардын көбү көмүскө иштейт.

"Аянтчаны көпчүлүк кыргызстандыктар колдоно баштаганда Кыргызстандын кичи жана орто ишканалары бул кызмат аркылуу чоң көлөмдөгү заказдарды кабыл алып, жеткирүүлөрдү көбөйтө аларын көрүшөт. КРде мындай потенциал бар. Биздин платформанын арты менен жеңил жана текстиль өнөр жайы өнүгүүгө олуттуу түрткү алат деп ишенебиз", — деди Саркисян.

BEE-online.ru өндүрүүчүлөр, бренддер, дүкөндөр, чийки зат өндүрүүчүлөр, жабдууларды жана аксессуарларды жеткирүүчүлөр үчүн түзүлгөн.
Радио
Сулайманов: кыргыз жеңил өнөр жайынын имиджин түзүү зарыл