Жаңы технологиялар менен жасалган кылмыштар күчөп жатканы айтылды

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөштө бирге иш алып баруунун маанилүүлүгү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кылмыш жасоодо жаңы технологияларды колдонуу күчөп, трансулуттук мүнөзгө ээ болуп, укук коргоо органдарынын ишин татаалдаштырууда. Бул тууралуу Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун төрагасы, Россиянын каржылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын директору Юрий Чиханчин билдирди.
Ал аталган топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунда сөз сүйлөгөн. Чиханчиндин айтымында, жолугушуунун форматы бул багыттагы тобокелдиктерди жана финансылык коопсуздукка коркунучтарды болушунча азайтуу жолдорун кароого мүмкүнчүлүк берет.
"Экстремизмди, терроризмди каржылоо, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, коррупция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, жаңы технологияларды колдонуудагы тобокелдиктер глобалдуу мүнөзгө ээ. Мында кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системалардын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыруу менен мыйзамдарды шайкеш келтирүүдө биригүү зарыл", — деди Чиханчин.
Ал белгилегендей, кылмыштуулукта жаңы технологиялардын колдонулушу күчөп, трансулуттук мүнөзгө ээ болуп, укук коргоо органдарынын ишин татаалдаштырууда.
"Криптовалюталарды жүгүртүү юридикалык жактан жөндөлгөн эмес. Натыйжада көптөгөн өлкөлөрдө баңгизат соодасы кибермейкиндикке киргени байкалууда. Кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн санарип финансылык инструменттерди колдонуу көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Жаңы технологиялар, анын ичинде виртуалдык активдер терроризмди каржылоо үчүн каражаттарды айлантуу үчүн колдонулат", — деди ал.
Вице-спикер электрондук коммерциянын өнүгүшүнүн терс жагы да бар экенин айтты