Кыргызстанга ФАТФ баалоосунан өтүүгө жардам көрсөтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанга ФАТФтин жаңы баа берүүсүнөн (ФАТФ – акчаны адалдоого каршы каржылык чараларды көргөн иш топ) өтүүгө жардам берилет. Бул тууралуу Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) төрагасы, Россиянын каржылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын директору Юрий Чиханчин билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан ЕАТга мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"ФАТФ стандарттарына ылайык, Борбор Азия чөлкөмүнүн бардык өлкөлөрү жана ЕАТ мамлекеттери баа берүүнүн жаңы айлампасына өтүүдө. Биринчи кезекте Кыргызстан турат. Биз Кыргызстан туш болгон көйгөйлөргө көңүл буруп, техникалык колдоо көрсөтөбүз. Бул тууралуу форумда да сөз болду", — деди Чиханчин.
Евразияда финансылык кылмыштарга каршы кандай иштер жүрүп жатканы айтылды