Радио

Өлкөдөгү китепканалар санариптештирүү жабдыктары менен камсыздалат

Маданият министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев республикадагы китепканалардын абалы тууралуу айтты.
Sputnik
Учурда 200дөн ашык китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иштөөдө. Мында балдар китеп окууга, шахмат ойноого, шыгына жараша ар кандай өнөрлөргө үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда китепканалардын китеп фондун толтуруу максатында да иштер жүрүүдө.
"Бүгүн республика боюнча 1 055 китепкана бар. Анда 2000ден ашык китепканачы эмгектенет. Жалпы китеп фонду 19 миллионду түзөт. Бүгүн китепкана тармагы өз уставынын негизинде иш жүргүзүүдө. Китепканалар китеп берүү менен эле чектелбестен маалымат таркатуу борборуна да айланышы керек. Министрлик бул жаатта да иш жүргүзүп жатат. Китепканага окурмандарды тартуу аракети жасалууда. Мисалы, 200дөн ашык китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иш жүргүзөт. Мында үч жаштан 7 жашка чейинки балдар ата-энеси менен келип окуганга, шахмат ойноого, шыгына жараша ар кандай өнөрлөргө үйрөнүп жатышат. Айылдардагы китепканаларда жана бала бакчаларда да ушундай борборлор ачылган. Бүгүн ата-энелер да анын ишине күбө болушууда. Китепканачылар да балдар менен кандай иш жүргүзүү керек, окутуулар кандай таризде болушу шарт деген негизде бир ай окутулду. Санариптештирүү жаатында да министрлик тарабынан райондук 40 китепканага республикалык бюджеттен компьютер жана атайын принтерлер алынды. Муну менен катар борборлоштурган эки китепканага жана облустук китепканаларга санариптештирүү жаатында да жабдыктар алынат", — деди Бакеев.
Ал китепканачылардын маянасы жогорулаганын кошумчалады.