Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды

УКМК төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырып, №2022 аскер бөлүгү үчүн курулган жаңы штаб, казарманы, "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган имаратты көрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге болгон жумушчу сапарында чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
1 / 8

Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге болгон жумушчу сапарында чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды

2 / 8

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырып, №2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб, казарманы, "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган имаратты көрүп чыккан

3 / 8

Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүккө жакын жайгашкан чек арачыларга 48 батир тапшырган

4 / 8

Быйыл дагы 32 батирдин ачкычы тапшырылды

5 / 8

Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

6 / 8

Ошондой эле ал учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режимин көрүп, чек арачыларга унааларды тапшырган

7 / 8

Белгилей кетсек, 28-майда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленген

8 / 8

Аталган кызмат учурда УКМКнын карамагында

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырып, №2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб, казарманы, "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган имаратты көрүп чыккан.
"Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүккө жакын жайгашкан чек арачыларга 48 батир тапшырган. Быйыл дагы 32 батирдин ачкычы тапшырылды. Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режимин көрүп, чек арачыларга унааларды тапшырган.
Белгилей кетсек, 28-майда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленген. Аталган кызмат учурда УКМКнын карамагында.
Чек араны кайтаруу кесип эмес, ыйык милдет. Президент чек арачыларды куттуктады