Радио

Өлкөнүн банк сектору жана ички валюта рыногу туруктуу

Улуттук банктын экономика башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы банктар аралык акча рыногунда жагдай туруктуу сакталып тургандыгын айтты.
Sputnik
Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Анын негизги инструменттеринин бири эсептик чен болуп саналарын Айнура Мамбеткул кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башкы банк эсептик ченди тескеп, мунун аркасы менен улуттук валютанын наркы жогорулап жатат.
"2022-жылы инфляциялык процесстер жогорулап кеткенине байланыштуу Улуттук банк акча-кредит саясатын күчөтүп, натыйжада баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүн болуп жатат. Анын негизги инструменттеринин бири — эсептик чен. Ал эми башкы банк эсептик ченди тескеп, мунун аркасы менен улуттук валютанын наркы жогорулап жатат. Мындан тышкары, банктар аралык акча рыногунда да жагдай туруктуу. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери Улуттук банктын негизги ченинин өзгөрүшү менен кошо төмөндөп жатат. Банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда. Бул экономиканын реалдуу секторун насыялоону андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", — деди Мамбеткул кызы.
Ошондой эле адис өлкөдө инфляциянын төмөндөшү уланып, экономикалык жигердүүлүк ишенимдүү өсүп жатканын кошумчалады.