Душанбеде шериктеш мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилери жолукту

Отурумдун катышуучулары шериктеш өлкөлөрдөгү кесиптештеринен миграция жаатындагы тажрыйбасын угуп, таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Тажикстандын баш калаасында КМШнын миграция органдарынын жетекчилери жолугуп, анда актуалдуу делген 10 маселе талкууланды.
Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Беларустун, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын миграция органдарынын делегациялары катышты. Андан сырткары, КМШнын Аткаруу комитетинин, Парламент аралык ассамблеясынын, Кесиптер бирлигинин жалпы конфедерациясынын жана шериктештиктин Антитеррордук борборунан да өкүлдөр барган.
Отурумда 10 маселе талкууланган. Алардын бири шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн Антитеррордук борборлору менен аталган уюмдун миграция органдарынын жетекчилер кеңешинин ортосундагы кызматташуу болду. Анын мүчөлөрү документтин долбоорун колдоп, Меморандум кеңешинин атынан уюмдун төрагасына тапшырма беришти.
Күн тартибиндеги башка маселелердин арасында миграциялык кырдаал жана миграция жаатында улуттук мыйзамдарды өзгөртүү да болду. 2019-2023-жылдардагы мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жаатындагы мамлекеттер аралык биргелешкен программалардын жыйынтыгы, Парламент аралык ассамблея тарабынан бул жааттагы мыйзамдын моделин даярдоо болду.
Отурумдун катышуучулары Беларустун компетенттүү органдарынан чет элдик студенттер боюнча иштөө тажрыбайсы менен таанышты. Азербайжандын "бирдиктүү терезе" принциби менен миграциялык кызматтарды көрсөтүү жана аны санариптештирүү ыкмаларын көрүштү. Россиянын реадмиссия (башка өлкөдөн депортацияланган өзүнүн жарандарын өзүнүн аймагына кайра алууга макулдук берүү) боюнча эл аралык келишимдерди түзүп жана аны ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын угуп, билишти.
Россияда экзамен тапшырган мигранттар. Видео