Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт. Себеби

Чыгыш автобекетинин имараты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Чыгыш автобекетинин имараты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилген.
"Имаратты демонтаждоо планда жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. Мурдагы автобекеттин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралып жатат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле мэрия учурда Чүй облусу, Ленин айылы, Алматы көчөсү, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автобекети" уюштурулуп, иш жүрүп жатканы кошумчалды.
Батыш автобекетинин имаратында мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат