Мэрия Чүй проспектисинде реконструкция иштери башталарын айтты. Мөөнөтү

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 10-июндан тарта Бишкектеги Чүй проспектинде реконструкция иштери башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Чүй проспектинин Манас проспектинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолмокчу. Биринчи этапта Манастан Панфиловго чейинки бөлүгү жасалат.
Мындан тышкары, жакын арада жасала турган көчөлөр:
Горький көчөсү. Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
Юнусалиев көчөсү. Сухэ-Батордон Горький көчөсүнө чейин;
Жибек Жолу. Курманжан даткадан Тоголок Молдого чейин.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме