БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Бишкек ЖЭБин, Чыгыш автобекетин, "Бишкек жылуулук тармактарын" мэриянын карамагына өткөрүү каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында жалпысынан 16 маселе каралган:
Борбор калаадагы "Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун долбоору жактырылган. Мындай чечим мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин имаратын 1,14 гектар жер тилкеси менен мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды.
"Бишкек жылуулук тармактары" мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды. Бишкек мэриясына Финансы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте бир айдын ичинде өткөрүп алуу иштерин бүткөрүү тапшырылды.
"Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору сунушталып, колдоого ээ болду. Ага ылайык, 5 же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтом күчүнө киргенден тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелинип, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт.
Өлкө аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязынын (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ошондой эле жыйында Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды бергени кошумчаланды.