Бала бакча куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыя берилет. Шарттары

Долбоор бюджеттен, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан каржыланары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Мамлекет бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор бюджеттен, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан каржыланат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2024-жылдын январынан тартып 60 ай. Насыя ишкердик субъектилерге жана жеке жактарга берилет.
Кредиттин суммасы жана мөөнөтү:
60 айлык мөөнөткө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имаратын куруу үчүн 70 миллион сомго чейин;
60 айлык мөөнөткө капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50 миллион сомго чейин;
36 айлык мөөнөткө негизги каражаттарын сатып алууга жана жаңылоого 10 миллион сомго чейин берилет.
Белгиленген пайыздык ставка — 10 пайыз.
Министрлик региондордо мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмесин кошо жарыялаган.
Садыр Жапаров Ошто туруп бир маалда 10 мектеп, эки бала бакчаны ачты