Ат-Башыдагы эл аралык соода-логистикалык борбор июнда ишке берилет

Бүгүнкү күнгө чейин долбоорго 50 миллион 550 миң сом инвестиция салынганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Булак участкасында заманбап ири интернет-соода платформасы курулууда. Бул тууралуу райондук администрация кабарлаганын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, борбордун ачылышы июнь айынын аягына пландалууда.

"Бул жай "Нарын Кургак Порт" ЖЧКсы эркин соода аянтчасы деп аталып, анда атайын товар сактоочу кампа (ангарлар), унаа базары, электр жабдыктарын кураган ишкана, тигүү цехи жана эт комбинаты ачылат. Ал мамлекеттик "Кыргыз почтасы" ААКы, "Кара-Булак" ЖЧКсы жана Шунси Лингин Ко" ЛТД ЖЧКсы тарабынан түзүлүүдө. Кара-Булак ишканасынын курулушу 2015-жылы башталган", — деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө чейин долбоорго 50 миллион 550 миң сом инвестиция салынган. Тактап айтканда, узундугу 15 чакырым электр зымы тартылган. 9 чакырым жерден суу тартылып келинген. Мейманкана, ашкана, административдик имараттар, товар сактоочу эки жай, кичи соода орундары жана унаа базары, май куюучу жай курулган.
"Кара-Булак" ЖЧКсынын директору Эсенбек Өмүргазиевдин айтымында, бул соода аянтчасында Кыргызстанга кирген товарлар кампаларга киргизилип, андан соң өлкөнүн башка аймактарына жана чет өлкөлөргө тарайт. Ошол эле учурда эркин соода аянтчасында беш миңден ашуун жумуш орундар түзүлүп, жумушчулардын үй-бүлөсүнө жатакана, бала бакча салынып, каттамдар уюштурулуп, дагы башка шарттар түзүлөрү күтүлүүдө.
Чүй облусунда Wildberries ири логистикалык борбору курулат