Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Киевге жөнөткөн куралынын Россияга каршы колдонулушуна жол бербейт

Мэттью Миллер Вашингтон позициясынан тайбаганына карабай "Украинаны АКШдан артык колдой турган тарап жоктугун" айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШ НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин уруксат беребиз деген билдирүүсүнө карабай, берген куралдарын Украина Россиянын түпкү аймактарына чабуул коюшу үчүн пайдаланышына тыюу салган позициясын өзгөртпөйт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер жасаганын РИА Новости жазды.
"Биз жүргүзгөн саясатка келе турган болсок, Украинанын аймагынан сырткары чабуул жасоону (Американын куралдары менен — ред.) жактабайбыз жана ага жол бербейбиз", — деген ал.
Миллер Вашингтондун позициясына карабай "Украинаны АКШдан артык колдой турган тарап жоктугун" кошумчалаган.
Американын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби брифингде АКШ Владимир Зеленскийдин РФтин аймактарындагы буталарга Батыштын куралдарын колдонууга кызыкдар экендигин билерин айткан. Бирок мындай чабуулду колдобостугун кошумчалаган.
"Президент Зеленскийдин бул жааттагы кызыкчылыгы бизге белгилүү. Азыр саясатыбыз өзгөрүп кеткен жок. АКШ берген курал-жарак менен Россиянын чектерине чабуул жасалышын кубаттабайбыз жана буга жол бербейбиз", — деген Кирби.

Россиянын позициясы

Москва Батыштын Россия аймактарына коюлчу чабуул боюнча айткандарын акылга сыйбаган сөз экенин, бул түздөн-түз РФ менен каршылашууга кептей турганын белгилеген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТОнун башкы катчысынын айткандарын чагым деп атады. Анын айтымында, өзүнүн аймактарына урулган соккуга Россиянын бериши мүмкүн болгон жообун — тиешелүү тараптардын контрчараларын президент да, аскерлер да билет.
Москва Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Столтенбергдин Россияга сокку уруу боюнча айтканына комментарий берди