30-майга карата аба ырайы

30-майга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Бейшембиде көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын жергесинде +16...+21 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек менен Ошто ала булут каптап, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +27...+29 градуска жетет.
Түштүк аймактарда сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты