Канткенде адашпай кесип тандай алабыз? Педагогдун кеңештери

Sputnik
Жашоодо үч нерсени тандоодон жаңылбаш керек деп айтылса, анын бир кесип. Адам өмүрүнүн көп бөлүгүн коштоп жүрүүчү кесиби жүрөгүнө жакын болуп, өзүнө жагып турса, анын жашоосу да бактылуу болот эмеспи. Ар бир пенде көңүлүнө төп келген, өзү кыялдан ишти аркалап, айлана-чөйрөсүнө пайда алып келүү менен өзү да эргүүдө жашап өткүсү келет. Мына ушул орду оңой эмес кеипти тандоодо эмнеге көңүл буруу зарыл? Канткенде ата-энелер балдарына кесип тандоодо туура багыт бере алат? Инсандын бр кесиптин ээси болушуна мугалимдин таасири канчалык?
Ушул жана башка бизди кызыктырган суроолорго 40 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ, билим берүү боюнча жазылган алгачкы мыйзамдын авторлорунун бири Дүйшөн Батырбеков жооп берди.